Пример HTML-страницы

Turmush: Эгизим менен абдан окшош болгондуктан, аны уруша турган адамдар мага кыйкырышчу,

Акыркы жанылыктар

Turmush«Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылынын 33 жаштагы тургундары Каниет жана Адилет Дыйкамбаевдер. Алардын бири Каниет менен аймактык кабарчы маек курду.

«Учурда жумушума байланыштуу Чолпон-Ата шаарында жашайм. Базарда азык-түлүк сатып, үй-бүлөмдү багып келем. Негизи К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде финансы жана кредит адистиги боюнча билим алгам. Бирок шартка байланыштуу кесибим боюнча иштей алган жокмун.

Эгизим Адилет да мен окуган К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде электрик кесибин алып чыккан. Учурда милиция кызматкери болуп иштейт. Адатта эгиздер тукум кууйт деп айтылат эмеспи. Биздин тууган-урукта эгиздер жок.

Эгизим менден 15 мүнөткө улуу, анын салмагы 1,800 грамм, меники 2,200 грамм болуп төрөлүптүрбүз. Мен токтоо, эгизим болсо бир аз тыңыраак. Биз абдан окшош болгондуктан мең жана калыбыздан айырмалашат. Көпчүлүгү адаша беришет, абдан окшошпуз. Ушундан улам көп эле кызыктуу окуялар болот.

Жогоруда айтып кеткендей, эгизим экөөбүз бир окуу жайда, бирок ар башка факультетте окучубуз. Бир күнү көчөдө басып баратсам, эгизимдин агайы жаныма келип: «Эмне үчүн сабакка катышпай, сейилдеп жүрөсүң?» деп кыйкырып, урушуп жиберсе болобу. Дароо өңүм өзгөрө түштү. Эмне болгонун түшүнгөн соң, жүзүмө жылмаюу келди», — деди ал.

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Алдыга койгон ой-максаттар көп. Азык-түлүк сатчу ири супермаркет, Ысык-Көлдүн жээгине 5 жылдыздуу мейманкана ачкым келет.

Кудайга шүгүр, эгизим экөөбүз тең үй-бүлөлүүбүз. Мен 2 эркек баланын атасы болсом, Адилет 2 сулуу кыздын атасы», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE