Пример HTML-страницы

Turmush: Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү абал: Канча малчы жашап жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге чейин жетип жатат. Бул тууралуу аталган өрөөндөгү чабандардан кабар алып келген Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азим Ажыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, өрөөндө абал туруктуу. Бул кышта Ак-Сайда Ат-Башыдан 117 түтүн кыштап жатат.

«Ак-Сай өрөөнүндө Ат-Башы районуна тиешелүү 117 түтүн катталган, кыштоолордо кыштап, жашап жатат. Жалпысынан абал туруктуу, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 10-15 сантиметрге жетет. Жол ачык. Кынды белинин жолу жабылды. «Торугарт» өтмө пункту аркылуу айланып бардык. ФАПтын кызматкерлери толук курам менен кызмат кылып жатат. 3 тонна көмүр ФАПка берилген. «Нива» үлгүсүндөгү тез жардам унаабыз дайыма ошол ФАПка бекиген, кышы менен иш алып барат. Азыркы учурда ал жакта 90дой киши бар. Себеби аял кишилер айылга түшүп кетип, жолдоштору мал карап жашап жатат», — деди Азим Ажыбек уулу.

Ат-Башы району ― Кыргызстандын Нарын облусунун түштүк бөлүгүндөгү административдик-аймактык бирдик. 1930-жылы уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Аянты — 19,1 миң чарчы метр. Райондо 11 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору — Ат-Башы айылы.

Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө +12…+18°С, бийик тоолуу аймактарда (Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө) +10…+15°С. Кышы суук, январдын орточо температурасы -18… -29°С. Ак-Сай өрөөнү — Орто Азиянын «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.

Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 метр бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE