Пример HTML-страницы

Turmush: Ат-Башыда кыш башталды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда кыш башталганын жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, быйыл эрте суук түшкөн.

Түнкүсүн жана таң эрте абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөп, күндүз -10…-15 градуска чейин суук болууда.

Ат-Башы району ― Кыргызстандын Нарын облусунун түштүк бөлүгүндөгү административдик-аймактык бирдик. 1930-жылы уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Аянты — 19,1 миң чарчы метр. Райондо 11 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору — Ат-Башы айылы.

Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө +12…+18°С, бийик тоолуу аймактарда (Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө) +10…+15°С. Кышы суук, январдын орточо температурасы -18… -29°С. Ак-Сай өрөөнү — Орто Азиянын «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.

Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 метр бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE