Пример HTML-страницы

«Туратали» базарындагы соодагерлердин тобу кайрылуу жасады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Туратали» базарынын соодагерлери президентке кайрылуу жасады.

Алар аталган базардын жетекчилиги соодагерлерди кыйнап, мыйзамдуу алынган жерлерин тартып алганын айтышты.

Соодагер Үмүт Муратова үмүтү калбагандыгын, ошондой болсо да акыркы ирет кайрылууга туура келип жатканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча бир нече ирет Ак үйгө чейин барып кайрылышкан. Бирок жооп болгон эмес. Ал кимге кайрылуу керектигин билбей жатканын кошумчалады.

Дагы бир соодагер Гүлмайрам Арзибаева базар боюнча иш Жогорку сотко чейин жетип, учурунда бардык инстанцияда соодагерлердин пайдасына чечим чыгарылганын айтат.

«Бул иштин даттануу мөөнөтү өтүп кеткенине карабай кайрылып, жазып, карапайым адамдардын жашын агызып, улам чуркатып жатышат», — деди Арзибаева.

Ошондой эле соодагерлер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну суранышты.

2023-жылдын 15-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Кара-Суу районунда жайгашкан «Туратали» базарындагы соодагерлер президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасашкан. Алар базар жетекчилиги элдин жерлерди тартып алып жатканын билдирген.

Ал эми «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын башчысы Нурбек Эргешов дарегине айтылган дооматтарды төгүндөп, мыйзам чегинде мамлекетке жерлер кайтарылып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE