Пример HTML-страницы

Токмок шаарында малдын баасы кымбаттады

Акыркы жанылыктар

Turmush14-январда Токмок шаарындагы мал базарда базарда малдын баасы кымбаттаганы байкалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга фермерлер билдиришти.

Алардын айтымында, кыштын ушул мезгилинен баштап жаз айларына чейин малдын баасы кымбаттайт.

«Бул жылдагы эле көрүнүш. Мал-жандыктар 5-10 миң сомго кымбаттады. Чөптүн баасы бир аз арзандап калыптыр. Өткөнкү 14-январь күнкү базарда уйлар 40 миң сомдон 150 миң сомго чейин, саан уйлар 50-60-70-90 миң сомго чейин, ургаачы торпок 50 миң сомго чейин, эркек торпок 10-50 миң сомго чейин болду. Булар 2 күндүк музоодон 2 айга чейинки торпоктордун баасы. Ал эми семиз койлойр 15-20 миң сом, семиз козулар 10-20 миң сом, асыл тукум койлор, кочкорлор 50 миң сомдон жогору сатылды. Чарба кой, козулары 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE