Turmush — Бүгүн, 13-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен калыбына келтирилген «Ак-Кырчоо» каналынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, ошондой эле бир катар облус жетекчилери жана коноктор катышты.
Башкы суу бөлүүчү курулмасы толук жаңыланып, 7 метр куб/сек суу өткөрүүгө эсептелип жасалды. Узундугу 17,5 чакырымды түзөт.
«Ак-Кырчоо» каналынын ачылышы облустун инфраструктурасынын жана айыл чарбасынын өнүктүрүүнүн өнүгүшүнө салым кошпостон, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын далили болуп эсептелет.