Пример HTML-страницы

Тоңдо Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Апрель революциясынын катышуучулары, курман болгондордун үй-бүлөлөрү чакырылды. Шейит кеткендердин жаркын элесине багышталып Куран окутулуп, асманга ок атылып, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Район жетекчилиги тарабынан «7-апрель — Элдик революциясына 10 жыл» юбилейлик медалы революциянын катышуучуларына тапшырылып, коогалаңда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берилди. Иш-чаранын соңунда райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери даярдаган спектакль тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE