Пример HTML-страницы

Таластык келиндер махрга эмнелерди сурашат?

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта турмушка чыккан кыздар азыркы учурда эл арасында, социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан махрга эмнелерди сурайт? Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул суроого жооп издеп көрдү.

Талас облустук Ислам медересесинин мүдүрү Медер ажы Сагынбаевдин айтымында, «махр» деген арабдын сөзү.

«Шарият боюнча махр деген калың деп айтылат. Кызды алганда эркек калың берет. Калыңдын азы шариятта 10 миң сом. Көбүндө чек жок. Калыңды бериш милдет. Бербесе эркек күнөөкөр болот. Азыр мындай маселе болуп жатат. Кыз менен баланын ата-энеси сүйлөшүп калың бербейм, сеп бербейм ортодон үй алып берели деген күндө дагы бала тараптан 100 миң чыгарабы, миллион чыгарабы ошол калыңга кете берет», — деди ал.

Кара-Буура районунун 28 жаштагы тургуну Айзат Болотбекованын айтымында, турмушка чыкканда жолдошунан бир унаа келе турган акча сураган.

«Мен өзүбүздүн эле районубузга турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз 2017- жылы турмуш курганбыз. Нике кыйылып жатканда махр жөнүндө түшүнүк берип, «каалаган нерсенди сурасаң болот» деп айтканы эсимде. Мен бир саамга ойлонуп калдым да бир унаа келүүчү акчаны сурагам. Өзүмө да, жолдошума да ишеничтүү түрдө айткам. Неге дегенде сүйлөшүп жүргөндө «Кийин сага унаа алып берем. Балдарыбызды бала бакчага алып барып, алып келип жүрөсүң» деп кыялданчу. Ошол айтканын эстеп кетип айта салгам. Мурду айтып жүргөн сөзү жөн эле кыял боюнча калып кетпесин деген окшоймун (күлүп). Жолдошума карап «макулсуңбу?» десе «ооба, убакыт сааты чыкканда берем» деп сөз берген. Мындан 1 жыл мурун айткан сөзүнө туруп, акчасын берди. Айыл жеринде айдап жүргөнгө ылайыктуу деп чакан унаанын акчасын берди («Мазда» үлгүсүндөгү унаа). Ортодо 3 балабыз бар»,- деди ал.

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Анарбекова Нагиманын айтымында, жолдошунан 10 миң сом алган.

«Мен турмушка 2018- жылы чыккам. Нике кыйылып жатканда «10 миң сомго ыраазысыңбы?» деген. Башымды ийкеп макулмун дегем. Жолдошума «канча убакыттын ичинде кутуласың?» десе «аз убакыттын ичинде колуна карматам» деген. Тойдон кийин айтылган 10 миң сомун берген. Өзүм каалап сураган жокмун. Молдонун айтканына эле макул болуп отургам. Эгер сура десе эмне сурайт элем билбейм», — деди ал.

Талас районунун тургуну 23 жаштагы Каныбек кызы Жылдыздын айтымында, алтын шакек алдырган.

«Биз жолдошум экөөбүз бир эле жолукканбыз. Экинчи жолу жолукканда турмуш курганбыз. 2018-жылдын январь айында баш коштук. Мен махр жөнүндө түшүнүгүм деле жок болчу экен ал убакта. Молдо нике кыйып жатканда «махрга эмне сурайсың?» деп калды. Мен унчукпай калсам артымдан кууп келген эжемдин бири кулагыма «алтын сура» деп шыбырады. Мен деле анын сөзүн туура көрүп алтын деп койгом. Алтын шакек алып берген», — деди ал.

Бакай-Ата районунун 29 жаштагы Алик Мелисовдун айтымында, келинчегине телефон белек кылган.

«Келинчегим менен 2020-жылдын күз айында турмуш курдук. Молдо келип үйгө кирип бара жатканда «махр сураттырайынбы?» деп сурады. Мен «келинчегим экөөбүз ал маселени чечишип алабыз» деп койгом. Бирок интернет желесинде махр деген нерсе катуу чыгып кеткендиктен келинчегимден «эмне алып берейин?» деп сурадым. «Алтындарым бар. «Айфон» эмес, өзүмө ыңгайлуу телефон эле алып берчи» дегенинен телефон алып бердим», — деди ал.

Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 72 жаштагы тургуну Уулбү Байтикованын айтымында, алардын учурунда махр деген болчу эмес.

«Мен 1970-жылы Бакайыр айылына келин болуп келгем. Менин калыңым деп 1 айгыр, бээ кулуну менен акча анда рубль менен берилген. Үч мүчөө болсун деп 3 миң рубль, тай, торпок, кой, союшуна 1 кой, кыздын тоюна деп 1 кой, отко киргени деп 1 тай алып барышкан. Кайра атамдар күйөө балага тай, мага торпок энчилеп беришкен. Азыркыдай унаа, квартира, алтыны жок эле бактылуу жашап, 7 балалуу болдук», — деди ал.

Манас районунун 46 жаштагы тургуну Айжамал Намазбекованын айтымында, жолдошу ушул күздө махрга бир нерсе бериши мүмкүн.

«Мен махры жок эле турмушка чыккам. Ал кезде махр эмне экенин билчү да эмесмин. Молдо сураттырган деле эмес. Күйөө деген ушул деп жашап калгам. Эң башкысы мени сыйлап турса болду деп тилене берчүмүн. Тилегимди кабыл кылыптыр. Интернетте «Айфон 13» сураган кыз өтө катуу чыгып кетпеди беле мен дагы көрүп жолдошума «Убагында махр деген түшүнүк жок эле тийип алыпмын. Көрсө элдер ушинтип алдыртат экен да» деп койгом. Жолдошумда көрүп, «Күз келсин сага махрга деп бир нерсе алып берем. Ошондо көрөсүң деп койгон». Күз дагы келип калды (күлүп)», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE