Пример HTML-страницы

Таластагы жаш кыз менен кошунанын күндүзгү окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 12 жаштагы кошуна кызды зордуктоого аракет кылган адамдын иши иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-июндан 11-июнга караган түнү саат 01:05 чамасында Талас ШИИБге, Талас шаарынын 1985-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылган. Ал 10-июнь күнү саат 15:30 чамасында У. Аттуу кошунасы 2010-жылы туулган кызы Э.А.га карата ыпылас иштерди жасоого аракет кылганын билдирген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмышка шектелген С.У.га (1983-жылы туулган) Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен кылмыш иш козголуп, Талас шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Талас облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш Талас шаардык сотунда каралып жатат. Иштин материалдары 12-август күнү Талас РИИБден Талас шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Кыздын апасынын баяны:

Милицияга арыз жазган айым буга чейин кызын зордуктоого аракет кылды деген кошунасы жөнүндө айтып берген.

«Бул жаман окуя 10-июнь күнү катталып отурат. Кызым төмөндөгүдөй айтып берди. «Бирөө эшикти такылдатты. Көзөнөктөн карасам, эч ким жок экен. Анан текшерейин деп эшикти ачсам кошуна байке туруптур. Ал мени колумдан тартып туруп эле үйүнө киргизип кетти. Столго өзү отуруп, мени астына алып, «мени жакшы көрөсүңбү?» деп сурады. Мен жок деп жооп бердим. Ошондо көтөрүп туруп, жер төшөктүн үстүнө жаткырып, үстүмө жатып алды. Менин үстүмө чыгып секирди. Мен кыйкырсам эч ким укпай койду. Моюнумдан өптү, денемди кармалады. Мен «эжем келет, атама айтам» деп кыйкырганда үстүмдөн турду. Мен аркамды карабай качып кеттим» деди.

Бул окуяны угуп, аябай шок абалда калдым. Кызым дагы стресске кабылды. Атасына жакшы эле айтпайбыз десем, кошунабыз чоң коркунуч жаратууда. Ошол күнү эле жолдошума айтып, милицияга кайрылдык. Милиция ишти кабыл алып, кошунабызды кармап келди. Кошунабыз 40 жашка чыгып калган эркек киши. 10 жылдан ашык кошуна жашадык. Ажырашып кеткен, улам түрмөгө түшүп чыгып келет. Оор кылмыш менен дагы абакта отуруп чыккан эле», — деген ал.

  • 8-августта кыздын апасы иш ордунан жылбай, укук коргоо органдары «футбол» ойноп жаткандыгын айтып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE