Пример HTML-страницы

Таласта «Чоң-Капка» чек ара постунда кезек күткөн унаалар көбөйдү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусу менен Казакстандын чек арасындагы «Чоң-Капка» постунда кезек күткөн унаалар көбөйдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулар билдиришти.

«Учурда элдин тиккен бактары, мөмө-жемиштери түшүм берген маал. Баары чет жакка ташып жатат. Ошондуктан жүк ташуучу унаалардын кезеги көп. Жүк ташуучу унаалар бир катарга, жеңил унаалар бир катарга тизилип өтүүдө. Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде иш жүргүзүп, тартипти кармап турушат. Унаалар убагында өтүп жатат. Бирок унаанын саны көп болгондуктан, көп убакыт күтүп калып жатабыз», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE