Пример HTML-страницы

Таласта 100дөн ашык карыяны куттукташты, арасында 50 жылдан бери чогуу жашаган жубайлар бар

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 100дөн ашуун карыя майрамдык иш-чарага катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулду. Бүгүнкү күндө Талас шаарында 4840тан ашык пенсионер, ардагер бар. Майрамдык иш-чарага буга чейин мекемелерде үзүрлүү эмгектенген 100дөн ашык карыя чакырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө сый тамак менен кошо 50 жылдан ашык чогуу түтүн булаткан төрт үй-бүлөгө белектер тапшырылды. Майрамдык иш-чара Талас шаардык маданият бөлүмү, А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектеби жана «Баластан» балдарга билим берүү борбору тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE