Пример HTML-страницы

Талас шаарында элдердин улуттук биримдигинин күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-ноябрда Талас шаарындагы диаспора өкүлдөрү менен биргеликте ар улуттун тарыхын, маданиятын, салт-санаасын даңазалоо жана улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында элдердин улуттук биримдигинин күнү белгиленди.

Иш-чара А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде уюштурулуп, алгач диаспоралардын негизделиши, бүгүнкү күндөгү абалы жана буга чейин жасаган алгылыктуу иштери жана башкалар камтылган видеотасма көрсөтүлдү.

Концерттик программанын алкагында ар диаспора өкүлдөрүнүн куттуктоосу менен катар көрүүчүлөр үчүн ар улуттун уникалдуулугун даңазалаган улуттук ыр-бийлер тартууланды.

Буга кошумча балдар музыкалык мектебинин фойесинде улуттардын фотостенддери, улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE