Пример HTML-страницы

Таблицаны жаңылбай айтат: 98 жаштагы Марал апанын 100гө жакын небере, чөбөрө, кыбырасы бар (видео)

TurmushБаткен районунун Жаңырык айылынын 98 жаштагы тургуну Марал Эргешова азыркыга чейин таблицаны ойлонбостон шар айтат. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 5-класска чейин гана билим алган. Дээрлик 1 кылым жашаса да ден соолугу чың. Көзүнүн көрүүсү жакшы, китеп окуп, ийнеге жип өткөрө алат. Мектеп курагындагы жаттаган ырларын обонго салып, созолонтуп калат.

«Алма берип колуна,

Эркелетип жатабыз.

Эркин өсүп жатабыз,

Жайнап жашап жатабыз,

Кайгы капа билбейбиз».

Марал апа тылдын ардагери. Улуу Ата мекендик согушта тылда эмгектенип, көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Андагы бир кесим нанга зар болгон күндөрдү унута элек.

«Ал заман оор заман эле. Ачарчылык, бир жагы согуш. Айылда эркек жан жок. Кара жумуш бизге калган. Гектарлаган жердеги буудайды оруп жыйнап, каптарды көтөрүп кол менен ташычубуз. Ошол ташып жатканда сабактардан буудайдын данын чөнтөктөргө терип келип, үйгө келип ошону кууруп жечүбүз. Бир туурам наны бар киши бизге кошула алчу эмес. Бизден алыста отуруп жеп келчү. Элден өзгөчөлөнүп көп аянтты оруп жыйнагандарга бир сындырым нан берчү. Ошол согуш бүткөндө оор заман кетти. Андан кийин да ачарчылык болду. Азыр эми гүл жашоо, бардарчылык», — деди ал.

Марал апанын 5 кыз, 1 уулу бар. Анын кызы Канааткан Эргешова апасынын мынай зирек, көзүнүн курчтугун атасы мергенчи болгондугу менен түшүндүрдү.

«Апам жаштайынан жакшы окуган экен. Ал кезде балдар 5-7-класска чейин эле окушкан. Апам Дөңмөн мектебинде билим алган экен. Ошол учурда жаттаган ырларын азыр дагы ырдап берет. Математикалык таблицаны сурасаң ойлонбой туруп адашпай айтып берет. Ден соолугу чың, көзү, буту колу таза. Ийнеге жипти биз көз айнексиз өткөрө албайбыз. Апам «койгулачы» деп мыскылдайт. Ал өткөрө алат. Атам мергенчи болгон экен. Кийик атып токойдо өскөн, жан-жаныбарлардын этин жеп ден соолугу бекем болсо керек деп эсептейбиз. Атам чынында ар кандай эттерди алып келчү.

Апам бизге жакшы тарбия берди. 5 кызды урушпай, кыйкырбай көз менен ымдап эле башкарып койчу. Анткени ал убакта ыйман деген болгон. Үйгө конок келгенде көз менен ымдаганда эле биз эмне кылыш керек экенин дароо билчүбүз.

Жазында мал айдап жайлоолоп, эл менен бирген дыйканчылыкты да кылчубуз», — деди Канааткан Эргешова.

Учурда Марал апанын улуу кызы Кайры Абдиева 73 жашта. Каарманыбыз 5 кыз, 1 уулунан 100гө жакын небере, чөбөрө, кыбыралуу болгон.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE