Пример HTML-страницы

Т.Агишова тойлорго түрдүү тамактарды жасап, пландарын ишке ашырып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун 1-Май айылынын 39 жаштагы тургуну Турсунай Агишова бала күнүнөн кызыккан хоббиси менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Покровка айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы болуп чоңойдум. Атам дыйкан, апам үй-кожейкеси, анда санда базарга чыгып соода менен алектенип калчу. Апам тамакты даамдуу жасачу. Мындайча айтканда ашпозчулардан кем эмес тамактарды, таттууларды жасайт эле. Мен дагы бала күнүмдөн тамактарды түрлөп жасаганга кызыгып чоңойдум. Кичинемде коңшулардын балдар, кыздары болуп ойночубуз. Ошондо эле мен чөп чаардан ар нерсе жасап, аларды конокко чакырып айтор 9-классыма чейин айылдашмай оюнун ойноп жүрдүм (күлүп). Кийин майрамдарда дасторконго ар нерселерди толтуруп жасап койчумун. Коңшуларыбыз келип, «Турсунайдын жасагандарынан жеп кетебиз» деп мактап кетишчү. Антсе мен сүйүнүп калчумун.

Ошентип орто мектепти аяктап И.Арабаева атындагы окуу жайдын журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Анткени мен ыр жазчумун. Өтө уялчаак болгондуктан жазган ырларымды эч кимге деле көрсөтүп окутчу эмесмин. Окуп жүрүп 1 жылдан кийин тааныштар аркылуу жолдошум менен таанышып, Бакай-Атанын 1-Май айылына келин болуп келгем. Биринчи балабыз төрөлүп, 9 ай болгондо жолдошум экөөбүз иштегени Бишкек шаарына келдик. Бул жакта иштеп, окуумдун акчасын төлөш керек эле. Экөөбүз келип, мен тез татымдарды жасаган жерге иштеп калдым. 1 күндүк акым 100 сом, айына 3 миң сомдон алып иштеп жүрдүм. Иштеген жеримден мактоолорду алып жүрдүм. Бир ордумдан кетпей 1 жыл иштедим. Экинчи балам төрөлөргө жакын жумуштан бошоп баса бердим. Балам төрөлүп, балдар менен болуп, окуумду уланта албай калдым. Бирок ыр жазуумду токтоткон жокмун.

Турмушта ар кандай болот эмеспи, кээ бир учурларда үйдөгүлөргө, жолдошума таарынган учурларда ичимдеги бугумду чыгарып ыр жаза калчумун. Кийин суранычтар боюнча каалоолорду, 18 жаш, 50 жаш, үйлөнүү тойлорго деп ырларды жазып берип жүрөм. Ыр жазганга абдан кызыгам. Журналист болбосом да, ырларым менен чөккөн маанайымды көтөрүп, бир аз да болсо жеңилдеп калам.

Жолдошум менен 19 жыл өмүр сүрдүм. Турмуштун ысык, суугунда бирге болдук, жакшы күндөрдү өткөрдүк. Сонун күндөрүбүз көп болду. 1 жыл мурун күтүүсүз эле каза болуп, бизди таштап кете берди. Өзүм араң жүрсөм 2 айдан кийин апам каза болуп калды. Экөө катар болгондуктан мага оор болду. 2 ай өзүмдү жоготуп койдум. Ойлонуп отуруп өзүмдү алаксытып, элге аралашып алаксыбасам болбойт, балдарды багышым керек деп кичинемден бери кыялданып келген хоббим менен алектене баштадым. Ал хоббим — дасторконду кооз кылып жасап, даамдуу тамактарды жасамай. Алгач туугандарымдын жакшылык тойлорунда кызмат кылып жүрдүм. Ал жерден келген коноктор «той берсек чакырабыз» деп номеримди алып калышчу. Ошентип отуруп, биринен бири угуп эле чакыра башташты. Акырындан башка айылдарга чыгып баштадым. Менин жумушум тасмалдарын кооз кылып жасап, тамак аштарын түрлөп жасап берүү. Келген коноктордун ашказаны эмес, көздөрү да тоюшсун деп болушунча жогорку деңгээлде жасаганга аракет кылам. Алардын ичине 1-2-3 тамактарды жасайм. Иштеген акым киши башына 250 сом. 20 кишилик конок тозсо 5 миң сом алам. Кээ бир үйлөргө идиш-аяктарымды кошо көтөрө барам. Ар кандай адамдар бар, беш кол тең эмес. Сенин мээнетиңди баалап, ыраазычылыктарын айтып, жакшы сөздөрүн аябаган, салып бергенге ашын таппай калган адамдар да бар. Кээ бир адамдар башында сүйлөшүп алган акчаңды да толук бербей койгондор да жок эмес.

Азыр кудайга шүгүр, 1 жылга чукул убакыттан бери жакшылык тойлордо кызмат кылып келе жатам. Акырындан ишим жүрүшүп жатат. Мынданда жакшы нерселерди чыгарып көп изденип жатам. Буйрутмаларым көп болуп жатат. Күз келди, тойлор дагы көбөйдү дегендей. Той ээлери 1 жума мурун буйрутма берип коюшат. Элибизде тойлор эле болуп турсун. 1 күнүм кантсе да көпчүлүк менен өтөт эмеспи. Ошолор менен аралашып жүрүп алаксыйм. Болушунча күчтүү болуп, балдарымдын жанында күлүп жүрүүгө аракеттенем. Апамдын жасаган тамактарына жетпесе дагы, апамдан үйрөнгөн нерселерим менен нан таап жатам. Алдыда пландарым көп. Майда кадамдар менен чоң жетишкендиктерге жетише берейин. Атайын кыз-келиндер үчүн чакан ашкана ачып иштетсем деген кыялым бар. Жумушумду жакшы көрөм. Үйдөн чыкпай, өзүмдү кыйнап жүрө берсем азыр кандай болот элем билбейм. Бирок мага бир убактарда кыялданган хоббим жакшы жашоону баштап берип, жашоого эргүү берди», — деди ал.

Турсунай айым 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE