Пример HTML-страницы

Түптө кыз-келиндер арасында волейбол оюнунун райондук биринчилиги өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 11-июнь күнү Түп районунун Түп айылында жайгашкан В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин спорт залында кыз-келиндер арасында волейбол оюнунун райондук биринчилиги өткөрүлдү. Бул тууралуу Түп райондук спорт иштери боюнча инструктору Токтосун Кадыркул уулу билдирди.

Түп району боюнча 5 команда финалдык оюнга катышып, олжолуу орундарга ээ болгондорго кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

— 1-орун — Михайловка айылынын кыз-келиндер командасы, баш байге 10 миң сом;

— 2-орун — В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыз-келиндер командасы, баш байге 7 миң сом;

— 3-орун — Талды-Суу айылынын кыз-келиндер командасы, баш байге 5 миң сом;

— 4-орун — В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыз-келиндер командасы 2, баш байге 3 миң сом;

— 5-орун — Шаты айылынын кыз-келиндер командасы, баш байге 2 миң сом.

Мелдеш президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE