Пример HTML-страницы

Түптүн Арал айылында кош маараке белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Карасаев айыл аймагындагы Арал айылында «Ашырмат ата» атындагы кичи стадионунун ачылышы жана Арал айлынын 100 жылдыгы болуп өттү. Бул тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков билдирди.

Аянтчанын эл отуруп көрүүчү трибунасы, кийинип жана чечинүүчү жайы, душ, дааратканасы менен куурулду. Бул кош мааракеде ардагерлер жана жаштар арасында кичи футбол, көк бөрү, кыргыз күрөш, аркан тартыш, гиря көтөрүү сыяктуу спорттук оюндары уюштурулду. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE