Пример HTML-страницы

Сузакта маркум үчүн казылган көр кайра сөөксүз көмүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы жашоочулар ислам дининен башка агымга өтүп кеткени айтылган жарандын сөөгүн айылдагы мүрзөгө көмүүгө каршы чыгышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдиргендей, маркумдун сөөгү жашоочулардын нааразычылыгынан улам аталган аймакта жерге берилген жок.

Кургак-Көл айылынын 55 жаштагы тургуну У.К. оорунун кесепетинен каза болгон. Ал көп жылдан бери Россия Федерациясында иштеп жүрүп, сөөгүн аталган өлкөдөн алып келишкен. Бир тууган иниси айылдагы мүрзөдө жай каздырып, сөөктү жерге берүүгө камынып жатканда айылдыктар каршы болгон. Бул окуя боюнча тиешелүү чара көрүлгөн.

Ырыс айыл аймагынын башчысынын орун басары Абдухакким Абдусаттаров бул маалыматты тастыктады.

«Кечээ маркумдун көмүлүшүнө каршы болгон эл топтолгон экен. Айыл өкмөт башчы баш болуп, баарыбыз барып, эл менен жолукканбыз. Эл мусулмандардын мүрзөсүнө коюлбашы керек деген талапты коюшту. Айылдагы бир тууган иниси да элди түшүнүп, сөөктү Ош тарапка алып кетти», — дейт ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Ырыс айыл аймагындагы окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталганын тастыктады.

Маалыматка караганда, Россияда боор оорусунан каза болгон жаранды бир тууган иниси айылдагы мүрзөгө көмүү үчүн жай каздырган. Ошол эле айылдагылар маркум 2005-жылы башка агымга [Ахмадия мусулман жамааты, диний кыймыл] өтүп кеткенин айтып, сөөгүн койдурууга каршы чыгып, көмүлгөн жайды кайра топурак менен толтуруп коюшкан.

«Маркумдун сөөгүн иниси Ош облусуна алып кеткен. Окуя боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE