Пример HTML-страницы

Суусамырлык К.Кожоналиева 39 жашында 12 баланын энеси жана 1 неберенин таенеси болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылынын 39 жаштагы тургуну Кундуз Кожоналиева 12 баланы тарбиялап келет. Анын жашоосу, куттуу үй-бүлө куруудагы аялзатына таандык асыл баалуулуктары, аруу тилектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Суусамыр өрөөнүндөгү эң алыскы аралыкта жайгашкан — бул Кызыл-Ой айылы. Ошол айылдан кичи мекеним Суусамырга келе жатып, суу алуучу кудукту көргөндө, өзүмчө бир жылмайып, ичимден кубанып да өтөм. Ооба, ушул таза, тунук сууну мекендеген жай менин сүйүү символум, турмушка аттанткан кут сыяктанат. Эми андан бери 21 жыл убакыт өттү. Ал окуя мындай болгон эле.

Кыш мезгили. Биздин өрөөндүн жаратылышы жана табияты да өзгөчө. Аны сөздүн, же кыл калемдин күчү менен сүрөттөп да бере албайсың. Ооба, ошондой, жаш баланын кыялындай… Булуттан чыккан күн заматта эле жашынып, муздак шамалын чачат. Ошондой күндөрдүн биринде чанага фляга, чакаларды жүктөп, чокусун ак кар баскан тоолорду суктана карап, айыл четиндеги суу алуучу жайга, кудукка бардым. Ичимден өзүмчө обон созуп, кыз кыялым, сезимдерим бир башкача.

Бир убакта эле унаа жолго келип токтоп калды. Ичинен менден улуу бир нече жигиттер түшүп, кудукка келишти. Алар алгач айлананы карашып, андан соң, «Саламатсызбы, чоң кыз? Суу ичсек болобу?» дешти. Башымды ийкеп, таң калдым. Ушул суукта суусаган кандай адамдар деген гана ойго байландым. Башка эч нерсе түк оюмда жок эле. Алар мага жардамга келип, чанамды сүдүрөп жөнөштү. Ошол учурда орто бойлуу, сулууча келген жигит менен көзүм чагылыша түштү. Алар мени ар түрдүү сөзгө салып, унаага отуруп, жылынып алуумду суранышты. Чындыгында бир аз үшүп да калгам. Мен унаага отурар замат, аны айдап жөнөштү. Эми бир өрөөндүн жаштарыбыз да. Бири-бирибизди алыстан болсо да жакшы билебиз деген ойдо кете бердим. Алар унаанын ылдамдыгын жогорулатып, Кызыл-Ой тарапка жөнөштү. Ошондо эсиме келип, «Токтоткула! Чанам, флягам, чакаларым калып кетти» деп кыйкыргам. Ошентип, келин болуп, 12 бала төрөп, бакытты жолдошумдан, уул-кыздарымдан, тууган-уругумдан көрүп жашам келе жатам. Азыр аяштарым: «Ошондо чанаңды, фляга, чакаларыңды кошо ала келсек болмок экен. Нурбек экөөңөр жылгаяк тээп, сууга бармаксыңар» деп тамашалап калышат. Анда жолдошум: «Мен бир көрүп ашык болгон аяшыңар, азыр баатыр эне. Аны да эстеп койгула» деп мактанып калат», — деди ал.

Каарманыбыз кол өнөрчүлүгү жана жашоо-турмушу жөнүндө сөз козгоп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кызыл-Ой айылы чакан. Жергиликтүү жашоочулар негизинен мал жана айыл чарбасы менен алектенишет. Мен болсо кол өнөрчүлүктү аркалап жатам. Жолдошум Нурбек уста, курулуш иштери менен алек. Кудайга шүгүр, жашообуз дурус. Баса, 2018-жылы демөөрчүлөр тарабынан Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир да берилген. Балдарыма ай сайын жөлөк пул да берилет. «Балалуу үй базар» демекчи, бактылуубуз. Учурда 8 кыз, 4 уул жана 1 неберебиз бар. Кыздарымдын эң улуусу Гүлайым 20 жашта. Ал турмуш жолуна аттанып, учурда 1 кыздын энеси. Неберем Ясминага 6 ай болду. Ал эми менин эң кичүү уулум Алихандын жарыкка келгенине 4 айдын жүзү болду. Улуу кызым Гүлайымдан кийинки 19 жаштагы эгиз кыздарым — Кымбат жана Сымбат. Андан кийин дагы 3 кызды төрөп, жалпы 6 кыздан кийин жолдошум экөөбүз уулдуу болдук.

Эне бакытты балдарынан издегени дурус. Ага туура тарбия берсе, эл арасында жылуу сөздөр байырлайт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE