Пример HTML-страницы

Соодагерден өлкө аймагында тыюу салынган 4 миңге жакын синтетикалык балык уулоочу торлор алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдүн милициясы Бишкек шаарынан 4 миңге жакын синтетикалык балык уулоочу торлорду алышты.

Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жаткан жаран мыйзамсыз былык уулоо үчүн синтетикалык торлорду Бишкек шаарындагы базарлардын биринен белгисиз адамдан сатып алгандыгын аныкталган.

Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу облустук милициянын тергөө кызматы тарабынан синтетикалык балык уулоочу торлорду саткан адамдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмасы берилет. Анын негизинде Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Тергөө амалдары жүрүп жаткан жаранга синтетикалык балык уулоочу торлорду саткан белгисиз адамдын өздүгү такталган. Ал Бишкек шаарында жашаган 63 жаштагы С.Т. болуп чыкты.

Жакында анын Бишкек шаарында жайгашкан үйүндө жана соода контейнеринде тергөө кызматы Каракол шаардык соту тарабынан берилген санкциясынын негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жалпы узундугу 394 900 метрди түзгөн 3949 даана синтетикалык балык уулоочу торлор табылып, далил зат катары алынды.

Бул факт Ысык-Көл ОИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, синтетикалык балык уулоочу торлордун кайдан чыккандыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

2020-жылы «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE