Пример HTML-страницы

Сайдахмад ажы Аппазов Баткен районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун баш имам-хатиби болуп Сайдахмад ажы Аппазов дайындалды.

Тиешелүү буйрукка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду.

Сайдахмад ажы Аппазов буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген.

Сайдахмад ажы Аппазов 1985-жылы 17-октябрда Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2007-жылы Иордания өлкөсүндө диний билим алса, 2007-2017-жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетинде окуган. Ошол эле учурда Баткен мамлекеттик университетин сырттан окуп, экономист адистигине ээ болгон. 2021-2023-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы КМУда дин таануу багытында магистратурасын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун Баткен райондук хатибиятынын катчысы, «Муаз ибн Жабал» медресесинде мугалим болуп эмгектенүүдөн баштаган. Кийин Баткен шаарындагы «Абу Бакр Сыддык» мечитинин имам-хатиби кызматына дайындалган. 2021-жылдан тартып Баткен облустук мусулмандарынын казыятында мечиттер жана үгүт-насаат адиси кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE