Пример HTML-страницы

Сүрөт: Ош облустук милициясы театр кызматкерлерин сыйлады

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын жамааты алгачкылардан болуп окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алууну театр аркылуу жеткирүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, театр кызматкерлери жаш муундарды тарбиялоодо адеп-ахлакка, маданияттуулукка үйрөтүү менен милициянын профилактикалык иш-чараларына жакындан жардам берип келет. Театр кызматкерлери жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү, оор кылмышка тартылган, үй-бүлөлүк-зордук зомбулуктарга кабылган жана экстремисттик-террористтик уюмдарга азгырылган жарандардын тагдырларын театр сахнасында жана кино тасмаларда байма-бай чагылдырып, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө зор салымдарын кошуп келүүдө.

«Ошол эле мезгилде мекенди коргоо, сүйүү, элге кызмат кылуунун образын жараткан каармандарды көрсөтүү менен элди туура жолго чакырып, жаштардын жүрөгүнө таасир этип, жаштарды мекенди сүйүүгө үндөп келишет. Ошол себептен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 27-март — Эл аралык театр күнүнө карата Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Надирбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын, Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын жана Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын кызматкерлерин куттукташты.

Ош ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы театр өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду тууралуу айтып өтүштү. Маданият кызматкерлери мурасты өзгөчө кастарлаган, элге руханий азык тартуулаган коом агартуучулары экени белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков, кылмыштуулуктун алдын алууда театрдын орду чоң экендигин баса белгиледи.

«Биз алгачкылардан болуп кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, диний экстремизмдин алдын алууда театр кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруудабыз. Балдар ар бир окуяны көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезгенде гана кылмыштуулук азаят. Жыйындарда айтылган сөздөрдү балдар 5 пайыз гана эстеп калса, ал эми таетр аркылуу, тасмалар аркылуу көрсөтүлгөн окуялар балдардын жүрөгүнөн орун алат», — дейт Жоробеков.

Соңунда театр ишмерлерине Ош ОИИБдин ардак грамоталары менен гүл тапшырылды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE