Пример HTML-страницы

Сүрөт: Ак-Талаада Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын кантип белгилешти?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында уюштурулду. Тиешелүү жетекчилер жашоочуларды майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу мааракенин жүрүшүндө райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери параддан өтүшүп, улуттук тамак-аштын, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Мындан тышкары салтанат үчүн жасалгаланган сахнада маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун, обончу жана комузчу Муса Баетовдун жана Социалисттик эмгектин баатыры Бакый Мүсүралиеванын эл үчүн кылган эмгектери сахналаштырылып көрсөтүлдү. Маданият үйүнүн, балдар билим берүү борборунун, «Шайыр апалар» элдик тобунун концерти тартууланды. Райондун өнүгүшүнө салым кошкон бир катар адамдарга Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу», Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Парадда эгемендүү Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлсө, ал эми сахнада Советтер Союзунун алкагындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө багытталган Кыргыз Автономиялуу Республикасынын желеги желбиреди.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE