Пример HTML-страницы

Сүйүнчү! Кызыл-кыялык келин 4 эмди жарыкка алып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 4 эм жарыкка келген. Бул тууралуу маалыматты башкы дарыгер Асылкан Асанова тастыктады.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Дильноза Сайдорипова айына жетпеген төрөт менен чукул жеткирилген. 19-октябрда операция жолу менен 2 уул жана 2 кыз төрөлүп, 1 кызы чарчап калган.

Үч эмдин абалы жакшырып, бүгүн, 6-ноябрь күнү үйүнө чыгарылып жатат. Салмактары 1 кг 500 грамм, 1 кг 700 граммды түзөт. Чарчап калган ымыркайдын салмагы 1 кг 300 грамм болгон. Бул Дильноза айымдын төртүнчү төрөтү, анын буга чейин 3 кызы болгон.

Төрөткө акушер-гинекологдор — Г.Казакова, Т.Заитова, неонатолог дарыгери Ж.Акматова, реаниматолог-анестезиолог А.Капаров, акушер Суранбай кызы М., анестезиолог М.Табакалова, операциялык медайым С.Бодонова баш болгон кызматкерлер катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE