Пример HTML-страницы

Пригород айыл аймагындагы Үмүт конушуна трансформатор орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригород айыл аймагындагы Үмүт конушуна онунчу трансформатор коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди.

«Быйылкы жылы бюджеттин эсебинен эки трансформатор каралган. Ар бири бир миллион сомдон айланды. Бир трансформатор ушул Үмүт конушуна, дагы бир трансформатор 14 га аталышындагы жаңы конушка каралган. Үмүт конушуна коюлуп бүттү. Ушуну менен онунчу трансформатор коюлду. Ал эми 14 га конушуна жакында орнотулат», — деди ал.

Үмүт жаңы конушунда 1300 түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE