Пример HTML-страницы

Панфилов районунда жапайы көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда жарандардын жайкы учурда сууга түшүүсү көзөмөлдөнүп, жапайы көлмөлөргө барууга тыюу салынды. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Азисбек Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүүчү жайларда бөөдө кырсыктардын алдын алуу максатында рейд өтүлгөн. Ага райондук мамлекеттик администрациясы, ички иштер, билим берүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн адистер катышкан.

«Райондун айыл аймактарында 10 жапайы көлмөлөр жана бассейин бар. Тактап айтканда, Вознесеновкада 2, Курамада 3, Фрунзеде 1, Чалдыбарда 2 жана 2 Кайыңды шаарында жайгашкан. Рейд учурунда ал жайларда сууга түшүүгө тыюу салынды. Эс алуучуларга эскертме баракчалар таркатылып, көлмөлөрдө такталар орнотулду. Ошондой эле. Кайыңды шаарындагы бассейинге түшүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо түшүндүрүлдү. Мындан сырткары Кайыңды шаарынын борборунда жайгашкан электрондук жарнама мониторго сууда түшүүдө коопсуздук эрежерлерин камтыган видеоролик киргизилген», — деди райондук ӨКБнын башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE