Пример HTML-страницы

Өзгөндө катар тизилген окуучуларды ур-токмокко алышкан. Окуядан кийин директор менен мугалимдер жазаланды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда окуучулар ур-токмокко алынды. Окуянын видеосу социалдык тармакка тараган.

Видеодон катар тилизилген окуучулар чөгөлөп отуруп, андан кийин турганын, аларды башка окуучулар тээп, чаап жатканын көрүүгө болот.

Окуя Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жээренче айылында болгон. Аталган айылдагы Ж.Мойдунов атындагы мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын арасында пикир келишпестик болуп, 7-класстын окуучулары сабалган.

Айрым маалыматтар боюнча, 7-класстын окуучусунан 8-класстын окуучусу 150 сом талап кылган. Аталган сумманы таба албагандан кийин анын уюлдук телефонун алып койгон. 7-класстын окуучусу телефонун чоң класстын окуучусунан кайратып алууга барганда жаңжал чыккан.

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Абадбек Жолоев Turmush басылмасына берген комментарийинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карбай, окуучулар арасында рекетчилик токтобой жатканын билдирди.

«Мындай окуялар буга чейин деле болуп келген экен. Бул жолу видеого тартылып, тарап кеткендиктен ачыкталып калды. Биз дайыма мектеп жамааты, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Буга карабай, рэкетчилик токтобой келүүдө. Учурда бул боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», — дейт Жолоев

Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асановдун айтымында, окуучулар тыт жегени барып, пикир келишпестик жаралган. Бул окуядан кийин мектеп директоруна сөгүш, бир нече мугалимге эскертүү берилди.

«Биз мугалимдер, окуучулар, ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Балдардан дагы сурадык. Азыр тыт бышып жаткан мезгил эмеспи. 8-класстын балдары тыт терип бер дегени үчүн 7-класстын балдары тыт терип бербей коюп, пикир келишпестик жаралыптыр. Ал эми видеотасманы «Тик-ток» үчүн тартышкан экен. Балдарды деле урбаптыр. Мындай нерсе балдар арасында болуп эле келет. Видео социалдык тармактарга тарап кеткендиктен, биз мектеп директоруна сөгүш, класс жетекчисине, директордун тарбия иштери боюнча орун басарына эскертүү бердик», — деди Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE