Пример HTML-страницы

Өзбекстандын Көтөрмө айылындагы этникалык кыргыздардын жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Жалакудук районунун акиминин чакыруусу менен Оштогу журналисттер Андижанга барышты. Жалакудуктун акими бир күн бою өзү башкарган райондун туристтик дарамети жогору болгон аймактарды көрсөттү. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Андижанга болгон сапары боюнча баяндайт.

Оштогу журналисттер менен кошо 18-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» өткөрмө бекетинен өтүп, Андижан облусунун аймагына кирдик. Ал жактан бизди Андижан облустук администрациясынын атайын унаалары күтүп туруптур. Эки унаага отуруп, сапарыбызды андан ары уладык.

Кызыктын баары алдыда болчу. Жол бою катар-катар тизилген унаалар, эгин талаалар… Албетте, саякат жакшы, бирок, Андижанга саякаттоо андан жакшы. Унаада бара жатып, велосипед тээп, талаага бара жаткан дыйкандар, Советтер союзу учурундагы унааларды айдап бара жаткан жергиликтүүлөр, эгин талааларына бара жаткан техниклар — булардын баары саякаттоого келген адамды Өзбекстандын реалдуу турмушуна бат аралашып кетүүсүнө жардам берет.

Биздин сапардын алгачкы дареги «Жаңы Андижан» долбоорунда көрсөтүлгөн райондордун бири болду. Анткени анда биздин күтүп алган Андижан облусунун губернаторунун курулуш иштери боюнча орун басары Ибрагим Холматов биз барган даректи «Жаңы Андижан» долбоорунун бир бөлүгү гана деп тааныштырды. Айтмакчы, «Жаңы Андижан» деген долбоор 2040-жылга чейин бүтөрү пландалган. Биз барган аймакта ошол долбоордо көрсөтүлгөн райондордун бири курулуп жатыптыр.

Жергиликтүү тил менен айтканда Андижандын хакиминин орун басары Ибрагим Холматов аталган долбоор боюнча 4 миң гектар жерге көп кабаттуу үйлөр жана балдар бакчасы, мектептер, спорт комплекстер курулуп, жарым миллион элге ыңгайлашарын кошумчалады.

Сапарыбыз андан ары уланып, ондогон километр жол жүргөндөн кийин Андижан шаарына бардык. Анда бизди Жалакудук районунун акими Хикматилло Латипов тосуп алды.

Айтмакчы, Жалакудук районунун Кылычмазар (Киличмозор) айылында араб асер башчысы Кутийба ибн Муслимдин ысымына байланыштуу мүрзө бар. Ошондой эле аталган жайдагы дарактан чыккан суу адамга күч-кубат багыштап, ден соолугун бекемдейт. Анткени ал даракка Кутийба ибн Муслимдин колу тийген деген ишеним бар. Биздин сапардын кийинки дареги дал ушул жергиликтүүлөр ыйык деп санаган Кутийба ибн Муслимдин мавзолейи болду. Тарыхый маалыматтарга ылайык, Кутийба ибн Муслим байыркы Шам, тактап айтканда азыркы Ирак мамлекетинин Басра аймагында бахили аталган араб уруусунун өкүлүнүн үй-бүлөсүндө 668-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Араб халифатынын өкүлү катары Ислам динин жайылтуу үчүн көп кол баштап кандуу жортуулдарды жасаган. Ошондой жортуулдарынын катарында Азыркы Орто Азиянын аймагын, ошол кездеги Бухара, Самарканд, Хорезмди жана Ферганынын батышын багындырып алган. Кутийба ибн Муслим 715-жылы араб кол башчыларынын кутумунда өлтүрүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, Фергана өрөөнүндө каза болгону айтылат. Бирок Ферганаа өрөөнүн кайсыл жеринде каза болгондугу белгисиз. Район акими Хикматилло Латипов Кутийба ибн Муслимдин денеси дал ушул жерде коюлгандыгын, аны Өзбекстандын белгилүү илимпозу келип, археологиялык казууларды жүргүзүү менен далилдегендигин билдирди.

Район акими жана мавзолейдин кызматкерлери Кутийба ибн Муслимди зыярат кылууга чакырып, жакынкы арада мавзолейге келүүчү жол толугу менен асфальтталып, мавзолейде да оңдоп-түзөө иштери жүрөрүн кошумчалашты.

Мавзолей демекчи, сапарабызды улап, район акими бизди тексттилдик фабрикаларга алып барды. Анда Өзбекстанда белгилүү бренд менен таанылган компаниялардын кийими тигилип, миңдеген кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушкан.

Андан кийинки сапарыбыз этникалык кыргыздар жашаган айылга баруу менен башталды. Жалакудук районунун Көтөрмө айылында миңдеген этникалык кыргыздар жашайт. Алар негизинен айыл чарба менен алек. Жергиликтүү бийлик аларга 10 жылдан 30 жылга чейин 10 сотыхтан 30 сотыхка чейинки жерлерди ижарага берет.

Биздин бара турганыбызды угуп, жергиликтүүлөр үйлөрүн шөкөттөп, таттуу даамдарды бышырып, биздин кубануу менен тосуп алышты. Биз барган учурда Зыйнаткан Юсупованын 100 жылдык маарекесин белгилеп жатышыптыр.

Көтөрмө айылынын башчысы Тургунбай Даврановдун айтымында, айылдагы 8 көчөдө 2585 адам жашайт. Алардын 95 пайызын кыргыздар түзөт.

«Жолдорубуз жакшы, ичүүчү суу боюнча көйгөй жок. Баарыбыз ынтымакта жашайбыз. Тургундар дыйканчылык, айыл чарбасы менен алектенет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE