Пример HTML-страницы

Оштогу жолугушууда дизелдик күйүүчү майдын баасы кымбатташы күтүлүп жатканы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-августта Ош облустук администрациясында май куюучу жайлардын, ун завод, көмүр кендин жетекчилери жана башка ишкерлер менен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында бааларды жөнгө салуу жана бааны туруктуу кармап туруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ишкерлер өз маселесин айтса, аталган агенттиктин жетекчилиги өз талаптарын айтты.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигини Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Кокошеров учурда бир гана дизелдик күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүсү мүмкүн экенин, калган продукциялардын баасы жөнгө салынганын айтты.

«Монополист субъекттер бар, бирок аларга түз көзөмөл жок. Бирок канча сомдон сатылып жатат деп ишмердүүлүгүн карап турабыз. Баалар ортомчулар аркылуу рынокко жеткенде кымбаттап кетип жатат. Аларга чара көрүү токтому өкмөт тарабынан 90 күнгө кабыл алынат да ал убактылуу гана көзөмөл болот. Мисалы, биз 10 сом коюп берсек, андан көтөрүп ала турган болсо, административдик чара каралган. Быйыл сезон башталып, өкмөт тарабынан токтом кабыл алынса, көмүр баасына чектөө коюп беребиз.

Ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн субъекттерди да көзөмөл кылабыз. Аларга атайын жыл башында прейскуранттар түзүлүп берилет да, жыл аягында текшерилет. Эгер бааны өз алдынча көтөрүп алышса, айып пул салынат. 2022-жылдын 2-кварталында прейскуранттан ашыкча акча алган ишканаларга салынган айып пул 1 млн 100 миң сом болду. Жеке жактарга 3-5 миң сом аралыгында, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом болот», — деди С.Кокошеров

Мындан тышкары бир катар азык-түлүктүн баасы жөнгө салынганын кошумчалады.

«Ундун дүң баасы 3-4 сомго арзандашы мүмкүн. Кумшекердин баасы да түштү. Өсүмдүк майынын баасы туруктуу бойдон кармалып турууда. Дизелдик күйүүчү май Орусияда дефицит абалда болгон үчүн бизде баасы көтөрүлөт деген божомол турат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE