Пример HTML-страницы

Оштогу ректорлорго мыйзам аткарылбаса, жооп берери эскертилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндөгү жыйында жогорку окуу жайлардын ректорлору сынга алынды.

Жыйында «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр талкууланды.

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызмат үчүн студент катары эмес, чет мамлекеттин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керек.

Жыйынга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Максым Омокеев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Жыпара Аспекова, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, ректорлор жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Депутат ректорлорго кайрылды.

«Ректорлор, карасам өтө кайдыгер отурасыңар. Бул мыйзам талкуу болуп, бир ай турган. Ошол убакта эмне кылып жүрдүңөр эле? Студенттердин бирине да полис албаптырсыңар. Эртең Жогорку Кеңешке барып, ректорлор мыйзамды аткарбай жатат деп айтам. Бул мыйзам кабыл алынарда айрым ЖОЖдордон мага чейин «Ушул мыйзамды коё тур» деп барышкан. Эмнеге коркушат? Себеби чет өлкөлүк студенттердин контрагына, ушул ден соолук камсыздандыруусуна деп акча алып алышкан. Аны чөнтөгүнө киргизип коюшкан. Бул мыйзам аткарылбаса, жооп берип каласыздар», — деди Маткеримов.

  • 2023-жылдын 5-декабрына карата милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду менен чет элдик студенттер билим алып жаткан 52 окуу жайдан 30у менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата келишим түзгөн 13203 студенттин ичинен 192 студент Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алды.

  • ММК полисинин баасы 6 айга 8196 сом же 12 айга 16391 сомду түзөт.

  • Бардык жарандарды, анын ичинде биздин өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча «Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 10-апрелинен тартып күчүнө кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE