Пример HTML-страницы

Оштогу бильярд клубундагы өрттүн себебин аныкташты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Алиев көчөсүндө жайгашкан «8 шар» бильярд клубунда чыккан өрттүн себеби аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен бильярд клубдун жалпы аянты 866 чарчы метр болгон жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры, банкет залы толугу менен күйүп кеткен.

«Өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан тамак даярдоочу ашканасында тамак жасап жатышканда май катуу ысып күйүп кетип, өрт чыккан. Өз ара өрттү өчүрүүгө аракет жасашып, андан кийин 112 кызматына кабар беришкен. Өрт өчүрүүчүлөр жерине барган учурда имараттын чатыры толук күйүп жаткан. Алар өз убагында өрт катталган жерге тартылып, өрттү чектөөгө алышты», — деп айтылат маалыматта.

4-сентябрда бильярд клубдан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, штаб жана ыкчам топ тартылган. Өрт саат 12:00дө чектөөгө алынып, 12:20да өчүрүлгөн болчу.

Айрым маалыматтар боюнча, өрттөнүп кеткен жаңы бильярд клубу 4-сентябрда ачылмак. Имарат өрттүн кесепетинен толугу менен өрттөнүп кеткен. Ал кафенин ордуна курулган.

Бильярд ойноочу жайда 14 бильярд столу, 1 теннис столу бар болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE