Пример HTML-страницы

Ошто төрөлгөн 3 эмге ысым ыйгарышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында төрөлгөн 3 эм бүгүн, 19-мартта төрөт үйүнөн чыгарылды.

Үч эмдин апасы — 37 жаштагы Айсана Султановага Ош шаардык мэриясы тарабынан 50 миң сом берилди.

Биринчи кыз бала 2 кг 630 гр, андан кийинки уул бала 1 кг 775,3 гр, кыз бала 1 кг 910 гр салмакта төрөлдү.

Ымыркайлардын атасы Гүлжигит Каимов кубанычы менен бөлүшүп: «7-мартта келинчегим үч эм төрөдү. Буга чейин бизде төрт уул бар болчу. Арасында эгиз уулдарым бар. Эми 5 уул, 2 кыздуу болуп турам. Өзүбүз дагы 4 уулдан кийин кыз болсо экен деп жүрдүк эле. Кудайым бизге 2 кыз, 1 уулду насип кылды. Сезимдеримде чек жок, абдан кубанып турам. Уул-кыздарым келечекте кыргыз элинин керегине жараган перзенттерден болсун деп тилейм. Үч эмдин аттарын апасы экөөбүз Мүрөк, Айдар, Мөлтүр деп койдук», — деди.

Ош облустар аралык төрөт станционарынын башчысы Асылкан Асанованын айтымында, ымыркайлар операция (кесарево сечение) аркылуу төрөлдү.

«Бизге 1-март күнү 34 жумалык кош бойлуу келин эрте төрөө коркунучу менен келген. Балдарды операция жолу менен төрөтүп, аларга медициналык жардам көрсөттүк. Төрөт операция жолу менен болуп, бир саатка созулду. Балдар убагынан эрте төрөлгөндүгү үчүн аларды жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Дарыгерлер көзөмөлдөп, жардам көрсөттүк. Үч эм төрөгөн энеге облустук оорукананын башчысы тарабынан атайын коляска белекке берилди», — деди Асанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE