Пример HTML-страницы

Ошто спорттун чеберлери 33 жаштагы тургунду тоноого шектелүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын июнь айында Ош шаардык милициясына 33 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, анын денесине жаракат келтирип, жеке буюмдарын тартып алган жарандарга карата тиешелүү чара көрүүнү суранган.

«Ош шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде жабырлануучуга белгисиз адамдар кол салып, күч колдонуп, жеке буюмдарын тартып алышкан. Жарандан түшкөн кайрылуу боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү (тоноо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 4 шектүүнүн өздүгү такталган. Шектүүлөр Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочулары (спорттун чеберлери) экени аныкталды. Бардыгы аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин соттун чечими менен бардык шектүүлөргө карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат боюнча бөгөт чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE