Пример HTML-страницы

Ошто 25тей баланы милицияга жеткиришти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында кечээ, 20-апрелден тарта жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган рейддер башталды.

Рейд өткөрүү үчүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринен, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо башкармалыгынан, муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен топ түзүлдү. Рейддин жүрүшүндө кечкисин шаардын кесилиштеринде, көчөлөрдө жана коомдук тамактануу жайларында «Жарамазан» айтып жүргөн өспүрүмдөр менен балдарга да өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 25ке жакын бала Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, мындан тышкары 19 өспүрүмгө тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE