Пример HTML-страницы

Ошто өлкө аймактарынан чогулган жаш оор атлетчилер күч сынашып жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында оор атлетика боюнча жаштар арасында өлкө биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучу Рустам Ниязалиевдин айтымында, мелдешке республиканын бардык аймактарынан оор атлетчилер келди. Кечээ, 26-апрелде башталган мелдеш бүгүн жыйынтыкталат.

«Өлкө биринчилигине 20 жашка чейинки спортчулар катышып жатат. Мелдеш жаштар арасында Кыргызстандын курама командасын бекитүү жана Азия биринчиликтерине даярдык көрүү, аларга катыштыруу максатында уюштурулду. Биринчилик жыл сайын өтөт. Быйылкы жылы жаштар арасындагы курама команданы бекитүү жана даярдоо функциясы биздин Ош шаарындагы Ынтымак мектебине берилгендигине байланыштуу уюштуруучу катары өткөрүп жатабыз. Бул мелдешке жалпы 121 спортчу катышууда», — деди Ниязалиев.

Балдар арасындагы 55 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — Э.Бактыбеков, Орловка шаары;

— 2-орун — А.Өмүржанов, Бишкек шаары;

— 3-орун — Б.Сарпашев, республикалык спорттук колледж.

61 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — А.Мамытахунов, Талас облусу;

— 2-орун — Э.Сарпашев, республикалык спорттук колледж;

— 3-орун — А.Рахматов, Баткен облусу.

Кыздар арасында 45 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — А.Козлова, Ош облусу;

— 2-орун — А.Мамбеталиева, Ош облусу;

— 3-орун — А.Анарбаева, Ош облусу.

49 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — Т.Жапарова, Ысык-Көл облусу;

— 2-орун — К.Сухарова, Ош облусу;

— 3-орун — Ж.Кайымова, Ынтымак мектеби.

55 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — В.Стеланова, Ынтымак мектеби;

— 2-орун — А.Байгачева, Бишкек шаары;

— 3-орун — Р.Нарымбаева, Талас облусу.

71 кг салмак категория боюнча:

— 1-орун — Таалайбек кызы, Ынтымак мектеби;

— 2-орун — Ажым кызы Элиза, Ош облусу.

+71 кг ссалмак категория боюнча:

— 1-орун — А.Бекболиева, Бишкек шаары;

— 2-орун — А.Байгачева, Бишкек шаары.

Өспүрүмдөр (49 кг):

— 1-орун — А.Молдодосов, Бишкек шаары;

— 2-орун — А.Наркулов, Талас облусу;

— 3-орун — А.Шарипов, Бишкек шаары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE