Пример HTML-страницы

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 5 чакырым тротуарды реконструкциялоо жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан Ленин көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Бул туурадуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин жалпы узундугу 5 чакырымды түзөт. Тротуардын туурасы эки тараптан 2,25 метр. Оңдоп-түзөө иштерин бул жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн боюндагы тротуарлар реконструкцияланат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE