Пример HTML-страницы

Ош шаарында жол тазалаган жумушчуларга ысык чай уюштурушту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол тазалаган кызматкерлерге жол кайгуулчулар ысык чай уюштурушту. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-январга караган түнү Ош шаарынын аймагында суук -21 градуска чейин жетти. Жолдорго муз тоңуп калбоосу үчүн «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери түнү менен жол тазалашты.

«Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо менен биргеликте ысык чай, тамак уюштурушту», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE