Пример HTML-страницы

Ош облусунда УКМК менен биргеликте «Экстремист» рейди башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун ички иштер башкармалыгы УКМК менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча ведомстволор аралык «Экстремист» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматкерлер жер-жерлердеги укук коргоо органдарында диний экстремизм багытында ыкчам каттоодо турган жарандар, Сирия, Ирак жана Афганистан өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн сот жообуна тартылып, жазасын өтөп бүткөн атуулдар, чет элден келип жашап, иш жүргүзүп жаткандар менен маектешүүлөрдү өткөрүшүп, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтерин эскертишүүдө.

Андан сырткары, издөөгө алынган атуулдарды кармоо, террористтик жана экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткан атуулдарды, алардын байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл көп топтолуучу жайлардын (соода борборлору, базарлар, банктар, мечиттер ж.б.) ээлери жана ал жерлерди кайтарган күзөт кызматтарынын өкүлдөрү менен кеңешмелер өткөрүлүп, коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE