Пример HTML-страницы

Оро-Башы айылынын аталышы кайдан келип чыккан?

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Чолпон айыл аймагына караштуу Оро-Башы айылынын аталышы кайдан келип чыккан? Бул суроого айыл тургундары жооп беришти.

Оро-Башы айылы райондун борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан. Бул жерге 1991-жылдары эл көчүп келе баштаган.

«Оро-Башы айылынын эли картошканы көп айдап, ошону менен тиричилик кылышчу экен. Башка жактагылар: «Картошканын мекени» деп аташчу экен. Айыл тургундары чогулуп алып, картошканы Бишкек, Балыкчы шаарларына чейин сатып келишчү дешет. Картошканы кеч күздөн жазга чейин сактоо үчүн ар бир түтүн жерди оюп, түбүн кенен кылып оро казып, анан сакташчу экен. Мындай орого картошка, эгин сактоого мүмкүн болот. Аксакалдар: «Ар бир үйдө оро болгондуктан, Оро-Башы деп аталып калган» деп айтып беришкен. Бул айылды союз учурунда, 1972-жылы ирелештирүү максатында элди башка айылдарга көчүрүп жиберишкен. Айыл бошоп калгандан кийин айдоо аянтына айланыптыр», — дейт айыл тургуну Өмүркан Эламанова.

Эгемендүүлүк алгандан кийин тургундар Оро-Башыга кайра көчүп келе башташкан. Биринчи жылдары беш түтүн келген болсо, жыл өткөн сайын көчүп келгендердин саны көбөйгөн. Ошентип 2000-жылы ашар жолу менен биринчи мектеп салынган. Учурда аталган айылда жүз түтүн эл жашайт. 2019-жылдын 26-июнунда айыл деген статус берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE