Пример HTML-страницы

Өлкөдө 78 ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория бар. Алардан бюджетке канча сом түшөт?

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкөдөгү ветеринардык-санитардык экспертизалык лабораториялардын баары мамлекетке өттү. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Ош шаарындагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай лабораторияларды мамлекетке аймактардагы мал чарбачылыктын абалын жакшыртып, тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө максатында айтылды.

«Ош облусундагы базарларда 11 санитардык-экспертизалык лаборатория бар. Биз чечим кабыл алганбыз. Кыргызстан боюнча 78 лаборатория бар. Анын баарын мамлекетке алдык. Лабораторияларда 236 кызматкер иштейт. Алардын жылдык эмгек акысы 40 млн сом экен. Бул Соцфондду эсептегенде, нак колуна алып жаткан акчасы. Бүгүнкү күндөгү эсеп менен алар 72 млн сом акча бюджетке төгөт. Буга чейин мындан көп акча каражаттар жеке чөнтөккө кетип отурган. Жоопкерчилик жок», — деди Жаныбеков.

Министр бүгүнкү күндө жаңы мыйзам демилгеленип жатканын, жеке ветеринарлардын баары мамлекеттик каржылоого өткөрүлө турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE