Пример HTML-страницы

Ноокен районунда Нооруз майрамын белгилөөгө миңден ашык адам келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-мартта Ноокен районунун борбордук стадионунда Нооруз майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Таалайбек Ишенбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, район тургундары катышты.

Анда сценка, концерттик программа, спорттук оюндар менен уюштурулду.

Миңден ашык адамдын катышуусунда өткөн майрамдык иш-чарага карата 7 боз үй тигилип, КР президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында кыргыздын каада-салты, тамак-ашы, кол-өнөрчүлүгү даңазаланды.

Мындан сырткары сүмөлөк кайнатылып, жармаңке уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE