Пример HTML-страницы

Ноокатта өлтүрүлгөн Уркуя Салиева жана жолдошу тартылган сүрөт сакталып калган

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат райондук тарыхый музейинде Уркуя Салиева жана жолдошу Колдош Салиев каза тапкан учурунда тартылган сүрөт сакталуу бойдон турат.

Turmush басылмасына маалым болгондой, аталган сүрөттү музейге кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева тапшырган.

Музей жетекчиси Калима Эсенбай кызы сүрөттүн тарых-таржымалына токтолду.

«1971-жылы кинорежиссёр Төлөмүш Океев жазуучу Насирдин Байтемировдун «Тарых эстелиги» романынын негизинде «Отко таазим» (Уркуя) кинофильмин тарта баштаган. Ал кино тартуу үчүн Уркуя Салиева боюнча ар кандай маалыматтарды топтой баштаган. Ошол убакта сакталып калган сүрөт фонддон алынган.

Кинорежиссёрдун кызы Азиза Океева Ошко семинарга келгенде, музейдин ошол убактагы жетекчисине сүрөттү берген экен. Окуя колхоздоштуруу мезгилинде болгондуктан сүрөттү ким тартканы белгисиз. Уркуя Салиева менен күйөөсү экөөнүн тең каза болгон күндөн сүрөтү бар», — дейт Калима Эсенбай кызы.

Жумабай кызы (Салиева) Уркуя 1910-жылы Ноокат районунун Мерки-Муркут (азыркы Төөлөс) айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 17 жашында комсомол уюмунун катчысы болгон. 1928-жылы кыргыздын ошол кездеги үрп-адатына карабай, Мерки-Муркут айылдык кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 20 жашында «Кызыл-Аскер» колхозун түптөгөн.

Советтик бийликке каршы болгон жергиликтүү бай-манаптар аталган колхозду аял киши башкаруусуна макул болушкан. Алар У.Салиеваны мындай оор жумушту аткара албайт деп ойлошкон. Бирок көп өтпөй У.Салиева Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1934-жылдын 6-февралында Уркуя Салиева жана күйөөсү Колдош Салиевди басмачылар мыкаачылык менен мууздап кетишет. Уркуянын аркасында 8 жашар кызы Айниса, 3 жашар уулу Кеңеш, 5 күндүк ымыркайы калган. Бирок алгач ымыркайы чарчап калат, андан кийин ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп турган кызы Айниса тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калган.

Эмгек жолу:

— 1928-жылы Түштүк кыргызстандык кыздардын алгачкыларынан болуп комсомолдун катарына өткөн;

— 1928-жыл, октябрь —1-Май айылдык кеңешинин төрайымы;

— 1929-жылы райондогу алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган;

— 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынган;

— 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн;

— 1932-1933-жылдары 1-Май (Меркит-Мүркүт) айылдык кеңешинин раиси;

— 1934-жылы «Кызыл-Аскер» колхозунун раиси.

Борбор калаанын так ортосунда, ийилген мажүрүм талдардын арасында Уркуя Салиеванын эстелиги орнотулган. Эл арасында ал саясий ишмер, коомдук өзгөрүүлөрдүн активисти, эркиндик үчүн күрөшүүчү катары таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE