Пример HTML-страницы

Ноокат районунда 22 жаштагы жигит бычакталган. 32 жаштагы эки жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунда 22 жаштагы бала бычакталып, шектүү катары эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Ш.М. аттуу жаран социалдык баракчасына баласына бычак сайылгандыгы тууралуу жазгандыгы кабарланган. Анын айтымында, топоздорун көрүү үчүн тоого жөнөгөн. Жолдон телефонуна кат келген. Телефон тарткан жерге барып, баласына чалган. Бирок ал телефонун алган эмес. Андан кийин сынык-жаракат бөлүмүнүн башчысына чалган. Ал баласынын абалы жакшы экенин билдирген.

Ш.М.нын айтымында, баласы менен эки адам конфликтке барып, жабырлануучу бирөөсү менен алышып жатканда, экинчиси бычак шилтеген. Ал жерге тез жардам чакырылып, эки шектүүнү милиция кармап кеткен. Бирок Ш.М. билдиргендей, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү шектүүлөрдү кое берген.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 4-мартында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Ноокат шаарындагы соода борборлорунун биринде Б.С. аттуу жаран денесинен жарат алгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары кармалган 1991-жылы туулган О. уулу Б. жана 1991-жылы туулган Т.уулу Ж. 2024-жылдын 5-мартында 48 саатка камакка алынган.

Жабырлануучуга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы райондук тергөө соту тарабынан каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE