Пример HTML-страницы

Нарын районунда аялынан акча сураган тургун кылган ишине өкүнүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын райондук соту аялынын денесине жаракат келтирген тургун боюнча 2022-жылдын 20-июлунда өкүм кабыл алды.

Амир (аты өзгөртүлдү, Р.С.Ж.) 1988-жылы Нарын районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы, мурда соттолгон эмес. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен айыпталууда.

Тергөө амалдарынын маалыматына караганда, Амир 2022-жылдын 10-июнунда саат 10:30 чамасында жубайы — 1987-жылы туулган Сафияны (аты өзгөртүлдү, А.А.Ж.) «акча бербейсиң» деген себеп менен сөгүп, самоордун кернейи менен уруп, денесине жаракат келтирген.

Натыйжада жабырлануучу облустук оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жатып дарыланып чыккан.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сафия денесинен ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна алып келген жеңил жаракат алгандыгы аныкталган.

Сотто айыпталуучу Амир күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кечирим сурап, өкүнүп жатканын көрсөтүп, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, ишти кыскартууну сурады.

Сотто жабырлануучу Сафия айыпталуучу Амирге карата эч кандай арыз-доосу жок экенин, айыпкер андан кечирим сурагандыгын, ага келтирилген зыянды төлөп бергендигин, аны балдары үчүн кечиргендигин айтып, кылмыш ишти кыскартып берүүнү сурады.

Жыйынтыгында кылмыш иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып, Амир кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE