Пример HTML-страницы

Мугалим Г.Абдрахманова 37 жылдан бери балдарга билим берип келет

Акыркы жанылыктар

TurmushГүлайым Абдрахманова 37 жылдан бери Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Абдралы Керимбаев атындагы орто мектебинде география сабагынан балдарга билим берип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1980-жылдан 1985-жылга чейин Каракол шаарындагы педагогикалык институттун география факультетинде билим алган. Үй-бүлөлүү, 2 уул,1 кызы, 3 небереси бар.

«Бизге мектепте иштөө насип кылыптыр. Балдарды жакшы көрүп, сүйгөн үчүн ушул кесипке ээ болдум. Балдар менен кызматташып, аларды тарбиялоо ишин жүргүзүп жатабыз. Балдар менен иштөө кызыктуу. Мугалимдин жумушу өтө майда, ар бир баланы өзүнчө таанып, кулк-мүнөзүн билип, иш жүргүзүп келе жатабыз.

Биз совет доорунда иштеп калдык. Дициплина, тартип, ата-эненин балдарды окутуу деңгээли жогору болчу. Азыр интеграциянын мезгили, билимге умтулган көп бала бар. Ата-энелер негизинен мектепке жардам берет. Кызматташып жатабыз. Арасында көйгөй жараткан маселелер болот. Ошолорду жойгонго аракет кылабыз. Ошондуктан мугалимбиз. Негизи балада кемчилик жок. Бала деген таза, аны туура калыптандыруу ата-эне менен мугалимден көз каранды», — деди ал.

Гүлайым Абдрахманова эл агартуунун отличниги, 2020-жылы «Мыкты мугалим» наамы менен сыйланган.

«2019-жылы мектепти бүтүп кеткен окуучуларым 20 жылдык мааракесин белгилеп, билим уясына келишти. Алар мектептин короосундагы тосмону жасап, мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип кетишти. Башка дагы бүтүрүүчүлөрүбүз келип, учурашып кетишет. Жолдон дагы саламдарын үзбөйт. Мугалимдик кесип менен сыймыктанам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE