Пример HTML-страницы

Москва районундагы мал базарда куйругу эле 25 кг болгон кой сатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-февралда Чүй облусунун Москва районундагы мал базарда Эдилбай койлору сатыкка коюлуп, кочкору 70 миң сомго суралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ар жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал базар өтөт.

«Бүгүнкү мал базарга Эдилбай койлорун сатыкка алып чыктым. Эки жаштагы кочкорду 70 миң, 1,5 жаштагысын 55 миң сомдон кардарлар менен баалашып жатам. Бул кочкордун 80 килограммга жакын эти бар. Куйругу өзү эле 25 килограммдан ашык. Албетте, кардарлар бул кочкорду сойгонго эмес, уруктукка алат эмеспи», — деди Петровка айылынын тургуну Рустам.

Ал эми мал базарда койлор жашына жана эттүүлүгүнө жараша 12 миң, козулар 8 миң, эчки 8 миң, уй 70, торпоктор 15 миң сомдон жогору суралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE