Пример HTML-страницы

«Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча сынакта орус кызы Екатерина утушка ээ болду

Акыркы жанылыктар

Turmush4-декабрь — Манас күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык сынакта түптүк кыз баш байгени утуп келди. Бул тууралуу Ш.Султанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Айнура Абдрахманова билдирди.

Маалыматка караганда, Түп районунун Ш.Султанов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Екатерина Бегель «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча республикалык кароо-сынакта жеңүүчү аталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Екатерина Бегелге жана мугалими Динара Уркумбаевага ыраазычылык кат, дипломдорду жана 10 миң сом акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Орус кызы Екатерина буга чейин да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Түп районунун намысын бийик коргоп келет», — деди А.Абдрахманова.

Архивдеги тасма:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE