Пример HTML-страницы

Мамлекетке 2 миллион сом өндүрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук прокуратурасы тарабынан жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багытталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш иш козголду.

Маалым болгондой, иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголду. Текшерүүдө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келишип, 2019-2022-жылдардын аралыгында «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына» жалган маалыматтарды киргизип, жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багытталган 3 млн сомдон ашуун акчаны республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Х.Л.Н. жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын башкаруучусунун орун басары Т.С.Д. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин Талас шаардык соту тарабынан Х.Л.Н. жана Т.С.Д. карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалып, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 2 млн сом өндүрүлдү.

Учурда тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE