Пример HTML-страницы

Мады айыл өкмөтүндө «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ачылыш аземине Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, «Алтын түйүн» академиясынын директору Жаркын Бапанова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты. Аталган академиянын филиалынын имараты облустук өнүктүрүү фондунан тарабынан 1 млн 800 миң сомго оңдолгон. Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3,5 миллион сомдук окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар алынган.

«Жаңы 2022-2023-окуу жылында 3 багытта – робототехника, информатика жана техникалык моделдештирүү ийримдери уюштурулуп, Ош облусундагы талантуу окуучулар кабыл алынат. Жаш ойлоп табуучулар жана аларды окуткан мугалимдер үчүн мастер-класстар, семинарлар уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE