Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда социалдык тармакта экстремисттик уюмдарга чакырык жасап жүргөн жигит аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында социалдык тармакта экстремисттик уюмдарга чакырык жасап жүргөн деген шек менен 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык тармак аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмга таандык маалыматтарды бөлүшүп жүргөн аккаунт аныкталган. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында аккаунтта тыюу салынган маалыматтарды бөлүшүп жүргөн деп шектелип Кадамжай районунун 1996-жылы туулган тургуну М.М. кармалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE