Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда иш учурунда мерт болгон 5 милиционер

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-майда Кызыл-Кыя ШИИБдин өздүк курамы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын эстеликтерине гүл чамбарлар коюлуп, маркумдарга куран окутулду. Алардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардамдар берилди. Кызыл-Кыя шаарында ички иштер органдарында иштеп жүрүп 5 кызматкер кызмат учурунда каза болгон.

Алар:

— Милициянын лейтенанты Тойчиев Баатырбек Пазылович 29 жашында кылмышкердин бычагынан курман болгон;

— Милициянын ага лейтенанты Илязов Джалалидин Илязович 43 жашында иш ордунда жүрөк оорусунан каза болгон;

— Милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязович 31 жашында кылмышкердин огунан курман болгон;

— Милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталипович 27 жашында кылмышкердин огунан көз жумган;

— Милициянын ага лейтенанты Тургунбаев Нургазы Сайдалиевич 25 жашында жол кырсыгынан каза болгон.

Бул кызматкерлердин элесин өчүрбөй атын түбөлүк сактоо үчүн алардын атынан көчөлөр аталып, эстеликтер коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE